Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер ‎Гүльнара Дербишева‎ жетектеген «Инсан-Лейлек» коомдук фонду Баткен областынын чек ара аймактарында жашаган жашоочулар үчүн “Элеттик аялдар тынчтык жана коопсуздук издейт” долбоорунун алкагында чыр-чатактык кырдаал учурунда алдын ала маалымдоо системасын иштеп чыкты.

Кылымдардан тарта элибиз ар бир кырдаалдын алдын алууда акылмандык менен тартип, эрежелер аркылуу иш жүргүзүп келгендигин тарых барактарынан улам билебиз….

«Кайсы бир иш-аракет болбосун эрежелерди сактоо, аны тутунуу – биздин коопсуздугубузду сактоого кепил боло алат. Эрежелерди сактоо менен дайыма биз коопсуздугубуздун алдын алабыз. Эрежелер демекчи, бул иш-аракеттердин ар бири жергиликтүү чек аралаш аймактарда кездешкен чыр-чатактардын күбөсү болгон, ошол аймактарда туруктуу жашаган энелер жана кыз-келиндердин айтылган сунуштарынын негизинде иштелип чыккан» — билдирди Гүльнара Дербишева.  

Бул система ар бир чек ара аймагында жашаган жарандарга коопсуздук паспорту катары кызмат кылса деген тилектебиз!