АКШда коронавирустан каза болгондордун саны 60-65 миң адамды түзүүсү ыктымал. Бул тууралуу журналисттерге АКШ президенти Дональд Трамп билдирген.

Буга чейин Ак үйдүн башчысы болжол менен Американын 100-200 миң жашоочусу өз өмүрү менен кош айтышаары тууралуу айткан.

Бүгүнкү күнгө карата АКШда коронавируска байланыштуу өтүшүп кетүүлөрдөн улам 36,7 миң адам каза болгон жана 692 миң адам ооруну жуктуруп алган.

COVID-19 оорусунун негизинде келип чыккан коронавирус пандемиясы дээрлик бүткүл дүйнө жүзүн кучагына камтыган.

Акыркы маалыматтар боюнча эки миллиондон ашык адам ооруу жуктуруп, болжол менен 140 миң адам каза болгон.