Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясынын курмандыктарынын саны 140 миң адамга жакындады. ДССУнун маалыматы боюнча сутка ичинде 82 967 жаңы учур катталган.

Акыркы маалыматтарга таянсак дүйнө жүзү боюнча аталган ооруну жуктуруп алгандардын саны 2 074 529, каза болгондордун саны 139 378, ал эми сутка ичинде каза болгондордун саны 8 493 адамды түзгөн.

Оору жуктуруп алгандардын басымдуу көпчүлүгү Европа мамлекеттерине туура келүүдө – 1 050 871. Алардын ичинен Испанияда бул оорудан жабыркагандардын саны – 182 816 адам, Италияда – 168 941, жана Германияда – 130 830 адам. Оору эң эле көп катталган өлкө бул АКШ жана анда ооругандардын саны 632 781 адам.