Түркия ИИМ башчысы Сулейман Соглу өлкөдө коронавирус пандемиясынын айланасындагы кырдаалдан улам кызматынан баш тартты. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасында билдирген.

РИА «Новости» билдиргендей 10-апрелде Соглу коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү чарасы катары  31 түрк провинциясында эки суткалык мөөнөт менен коменданттык саат киргизген. Бирок, жаңы киргизилген эреже тууралуу буйруктун күчүнө кирээрине болгону эки саат калганда жарыяланган. Буга байланыштуу азык-түлүк сатып алуу үчүн соода түйүндөрүнө келгенмиңдеген тургундар тарабынан түзүлгөн баш аламандыкка чейин жетип, тескерисинче коронавирустун таралуу тобокелдигин жараткан.

Соглу өз кызмат ордунан дал мына ушундай натыйжасыз кабыл алынган чарасы үчүн кетип жаткандыгын айткан жана Түркия жетекчилигинен кечирим сураган.

Акыркы маалыматтар боюнча Түркияда коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны 56 миң адамга жеткен. Анын ичинен 1198 адам көз жумган.