Карантин мезгилинде аураны тазалаган классикалык музыка угуу керек. Бул тууралуу экстрасенс Константин Даваранский билдирди. Анын айтымында классикалык музыка күчтүү энергетикага ээ, ал адамдын аурасын негативдүү энергиядан тазалайт . Экстрасенс классикалык музыка пандемияга каршы эң күчтүү курал деп эсептейт. Анткени, бул музыканын ритмдери адамдын жүрөгүнүн ритми менен дал келет. Демек классикалык музыка адамдын ички энергетикасын күчөтөт.

Андыктан карантин мезгилинде Моцарт, Мендельсон, Шопен, Чайковский, Шопен и Листтин мажордук нотада жазылган чыгармаларын сунуштайт.

«Классикалык музыка кулакка уккулуктуу, жүрөккө жагымдуу, органиг табылгыс даба. Аны угуп укпоо, ар кимдин өзүнүн каалоосу» — дейт экстрасенс.