Кечээ, баласын сабаган адамдын видеосу талкууга алынган. Ал, Москвада аялы экөө дворник болуп иштеген Эмилбек аттуу жаран экени аныкталды. ИИМдин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев окуянын чоо-жайын айтып берди:

“Кармалган Эмилбек аттуу жаран беш жылдан бери Москвада үй-бүлөсү менен жашайт, 3 балалуу. Аялы экөө дворник болуп эмгектенгенин айтышты. Үйүнө барып таанышып чыктым, жашоо шарты абдан начар экен. Аялы ыйлап, “күйөөм камалып кетсе 3 баламды кантип багам, төртүнчүсүн төрөгөнү жатам” — деп жалбарып жатат. Элде ар кандай талаптар коюлуп, камалсын дешүүдө. Мен коомчулукка кайрылат элем, уулун сабаган адамды 4-5 жылга эркинен ажыратуу туурабы же эскертүү берилсинби?” — деп суроо койду ИИМдин Москвадагы өкүлү.

Белгилей кетсек социалдык байланыш түйүндөрүндө аны аталык укугунан ажыратып, өзүн камакка алуу талаптары айтылып жаткан.