Баткен районунун Кара-Бак аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери чек аралаш аймактарды милициянын көчмө кабылдамасы менен аралап жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Ал эми санитардык-карантиндик посттордо милиция кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, өзгөчө кырдаал министрлигинен кызматкерлери менен биргеликте иш жүргүзүп, айыл аймактарга кирген автоунааларга дезинфекциялык иштерди жандандырууда.
Кара-Бак айыл аймагы коңшулаш Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Исфара районунун Лаккан, Багыстан айылдары менен чектешет.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы


