Бонн университетиндеги вирусологдор тобу Covid-19 коронавирусу буюм-тайымдарды кармалоо аркылуу адамга жукпайт деген корутундуга келишкен. RTL Today жаңылыктар кызматы бул тууралуу Вирусология институтунун директору Хендрик Штреек билдиргендигин маалымдаган.

Штреектин айтуусу боюнча соңку жумаларда анын командасы Хайнсберг региону боюнча жүздөгөн сурамжылоолорго жана иликтөөлөргө негизделген олуттуу изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Бардыгы болуп 1400 тастыкталган учур катталган. Хайнсберг тургундарынын саны 250 000 миң адамды түзсө, коронавирустан каза болгондордун саны 46 адамга жеткен.

Хендрик Штреек супермаркеттерде, ресторандарда же чач тарачтарда бул ооруну жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жок экендигин,  азык-түлүк дүкөндөрүнө коркой эле каттай берүүгө боло тургандыгын айткан. Анын оюу боюнча ооруну жуктуп алгандар узак убакыт боюу бири-бири менен өтө жакын контактта болушкан. 

Буга чейин немис вирусологу Кристиан Дростен коронавирус аба аркылуу жукпайт деп билдирүү таратса, Америкалык саламаттык сактоо институнун эксперттери вирус кагазда 24 саат боюу, аэрозолдордо үч саат, ошондой эле желим жана дат баспаган темирлерде үч күнгө чейин жашай тургандыгын айтып чыгышкан.

Ошентип, коронавирустун таралуусу тууралуу бүгүн ар кыл мүнөздөгү корутундуларды жолуктурууга болот. Ошентсе да, Штреек өз оюна бекем туруп, жакын араларда буга жооп табылаарына ишенет.