Бишкек шаарында куруучулар учурдагы абалды пайдаланып, азык-түлүк таратуу шылтоосу менен объектилерди куруу үчүн чектеш участокторун өткөрүп берүү жөнүндө тургундардан кол чогултушууда. Бул тууралуу видеотасманы Акылай Каримова Фейсбук социалдык тармагына жарыялады.

“Кимдир бирөөгө кризис, а кимдир бирөө үчүн “учурду колдон!”

Бул жерде, Бишкектеги куручулар үчүн эң сонун убакыт болуп жатат. Азык-түлүк таратуу шылтоосу менен алар объектилерди куруу үчүн чектеш участокторун өткөрүп берүү жөнүндө тургундардан кол чогултушууда.

Бирөөдөн жардам алаардан мурун, кол койгон нерсеңизди окуп чыгыңыз. Мүлктү кокусунан жоготпоңуз.

Акыйкаттык деген эмне? Алар алдамчылык үчүн издөөгө алынып, камакка алынат деп үмүттөнбөйбүзбү?”-деп видеотасманын астына билдирүү калтырган.

Булак: NazarNews.kg