Коомдук коргоо чараларын жигердүү киргизсе дагы, COVID-19 пандемиясынан улам Африка континентинде кеминде 300,000 кишинин өмүрү кыйылышы мүмкүн.

Эгер эч кандай чара көрүлбөсө, 1,2 миллиарддан ашуун африкалыктар (бүткүл Африканын 1,3 миллиардга жакын калкы) коронавирусту жуктуруп алса, быйыл 3,3 миллион адам өлүшү мүмкүн.

Мындай маалыматтар Бириккен Улуттар Уюмунун Африкадагы Экономикалык Комиссиясынын (UNECA) изилдөөсүндө келтирилген.

Азырынча бул өлкөдө коронавирус инфекциясы расмий каттала элек.