АКШ президенти Дональд Трамп коронавирус пандемиясына байланыштуу Ак үйдөн сыртка чыга электигин моюнга алган.

«Мага саякаттабай коёо турууну сунушташкан. Мен бир айдан бери Ак үйдөн чыга элемин. Бир гана жолу биздин кемеге (Нью-Йоркту көздөй багыт алган аскер-медициналык кемеге) «Жакшы бар!»-деп коюу үчүн сыртка чыгууга туура келген-деп билдирген ал журналисттерге.

Ошондой эле, ал мүмкүнчүлүк болору менен өзүнүн шайлоо алдындагы кампанияларын баштай тургандыгын кошумчалган.