Кыргызстанда медицина кызматкерлери жетиштүү, зарыл учурда эмгек өргүүдө жүргөндөр тартылат — деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

«Медицина кызматкерлеринин арасында өз ыктыяры менен COVID-19 жуктурган очокторго баргандар бар”, — деди ал.

Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн түзүлгөн мобилдик группага жалпы 300дөн ашуун медицина кызматкери тартылган.

Бугүнкү күндө 116 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алган.

Алардын арасында айыгып чыккандары да бар.