
Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелдеги брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, коронавирус жуктуруп алган жаш балдардын саны — 50. Алардын ичинде 1 жашка чейинки 3 наристе бар.
Оору жуктуруп алган бейтаптарды жаш курагы боюнча бөлүп караганда:
- 1 жашка чейинкилер — 3;
- 1-15 жаштагылар — 47;
- 16-19 жаш -14;
- 20-34 жаш — 126;
- 36-55 жаш — 191;
- 50 жаштан жогоркулар — 125.
Коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 506га жетти.