Ааламды каптаган илдетке байланыштуу көпчүлүк өлкөлөрдө карантин киргизилди. Буга байланыштуу адамдар китеп окуп, кино көрүүдөн сырткары интернет сайттарда порно көргөндөр рекорддук чекке жетти. Жалпысынан PornHub көргөндөрдүн саны 75% көбөйгөн. Учурда вебкам студиялар жана порно сайттар эбегейсиз пайда табууда.

Адистердин айтымында пандемияга байланыштуу киргизилген карантиндер сүйүшкөндөр жана жубайлар ортосунда мамиленин бекемделишине жардам берет.

«Ар дайым болуп турган секс маанайды гана көтөрбөстөн, стресс, тынчсызданууну азайтып, иммундук системаны жакшыртарын эстен чыгарбашыбыз керек. Канчалык бир деңгээлде эмоция гана тартуулабастан, ден соолукту да чыңдайт десе болот».

Ал эми медалдын эки тарабы бар дегендей. Карантин учурунда мындай сезимди сезбей , өнөкөт оорууга чалдыгып, бел кубатты алсыз эркектер көп экенин да адис айтып өттү.

«Учурда дүйнө жүзүндө жыныстык жактан ооруган эркектер көп. Бирок көпчүлүгү анысын жашырып же моюндабай убакыт өткөрүп жиберет» — дейт сексолог Лин Антонио. «Эрекция функциялары бузулганда эркек төшөктө алсырап, күчү кетет. Бара-бара бул нерсе жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кылат. Ал эми бул эки илдет бириккенде, организмдин жаш экенине карабай адамды өлтүрүп тынышы толук мүмкүн», — дейт адис.

Эгер урологиялык оорулардын алгачкы белгилери пайда болсо дароо дарыгерге кайрылып, кесепеттерин алдын алуу зарыл экенин дарыгер баса белгилейт. Учурда мырзалардын мындай жагдайга кабылуусуна тамак-аш, экология, стресс, депрессия таасирин тийгизет. Ал эми элдик дарыгерлер потенцияны көтөрүү үчүн, бөдөнөнүн жумурткасы жана ашкабактын уругун жер туруу керек деген кеңеш беришет.