№17 үй-бүлөлүк медицина борборунун төрт кызматкеринен буга чейин коронавирус илдети аныкталган. Мындан улам аталган борбор убактылуу жабылган.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, алар шарты бар жайда обсервациядан өтүунү талап кылып, бир сутка бою көчөдө калган. Натыйжада алар талап кылган жайдын ижара акысын сүйлөшүп, бир чечимге келгенге чейин убакыт өтүп кеткен.

Эске салсак, Бишкектеги 17-үй-бүлөлүк медицина борборунун 4 кызматкеринен коронавирус табылган. Ушундан кийин мекеменин башка кызматкерлери жакындарына ооруну жуктуруп алабыз деп коркуп,16-апрелде үйүнө баруудан баш тарткан. Борбордун директору анын кол алдындагылар сутка бою көчөдө калганын, Саламаттыкты сактоо министрлиги обсервацияга албай жатканын айтып чыккан.