Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп, ооруканада жаткан 12 бейтаптын абалы оор болсо, анын ичинен алтоосу жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Бүгүнкү күндө 371 киши ооруканада жатат. 359 бейтаптын ден соолугу орточо абалда жана канааттандырарлык. Айыгып, ооруканадан чыккандар 130″-деди министрдин орун басары.

Бүгүнкү күнгө алынган маалыматтар боюнча өлкө аймагында жалпы 506 киши коронавирус оорусун жуктуруп алган.