Муфтият битир-садаганын баасын бекитти. Бул тууралуу мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Битир-садаганын 2020-жылдагы өлчөмү:

Буудай – 35 сом;

Мейиз – 384 сом;

Ун – 60 сом;

Арпа – 54 сом;

Курма – 512 сом.

Маалыматка ылайык, быйылкы Орозо айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын, ундун, мейиздин же 3 килограмм 200 грамм арпа, курманын баасына барабар.

Быйыл орозо 24-апрелде башталат.