Медиктерге роботтор жардам берүүдө

от автора

в

Дүйнөнүн 200 дөн ашуун мамлекеттери учурда пандемия менен күрөшүүдө. Айрым мамлекеттерде медицина кызматкерлери жетишпей жатат.

Мындай кырдаалда медицина кызматкерлерине Индонезияда коронавируска каршы күрөшүүдө дарыгерлерге роботтор жардам берип жатышат. Роботтор Жакартадагы ооруканалардын дарыгерлерине жардам бере башташты.

Алар коронавирусту жуктурган адамдарга дары-дармектерди жеткирип берип турушат. Анткени эгер дарыгер бейтап менен бат-баттан байланышта боло берсе, анда ал вирус жуктуруп алышы мүмкүн.

Ошондуктан роботтор бул кызматты аткарууда кооптуулук жаратпайт. Робот жардамчыларга сенсордук экран орнотулган. Анын кыймыл-аракети компьютерде 3D форматында көрсөтүлүп турат. Акыркы маалыматтарга таянсак учурда, Индонезияда 5 миң 923 адам коронавирус жуктуруп, 607 жаран айыгып, 520 киши көз жумган.


Комментарии

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *