Коронавирус менен күрөшүүгө Нарын облусуна нейрохирург, эпидемиолог, балдар инфекционисты жана кардиолог дарыгерлеринен турган эки топ жөнөтүлдү.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Өз каалоосу менен кеткен дарыгерлер Ат-Башы жана Жумгал райондорундагы кесиптештерге жардам беришмекчи. Эскерте кетсек, региондорго ушуну менен 7 жана 8 даргыгерлердин тобу жөнөтүлдү.
Бүгүнкү күнгө алынган маалыматтарга караганда Нарында коронавирус жуктурган 56 учур катталды.