Кечээ, 17-апрелде, №17 Үй-бүлөлүк медицина борборунун төрт медкызматкеринде COVID-19 вирусу тастыкталгандан кийин бардык керектүү чаралар көрүлгөн – борбор толугу менен дезинфекцияланды, персонал бардык процедуралар аяктаганга чейин (17:00) борбордо калышы керек болчу. Ошол эле учурда медперсонал менен тийиштүү чаралар жүргүзүлгөн – анализдерди алуу жана аларды обсервацияга жайгаштыруу маселесин чечүү.

Белгилей кетсек, аталган борбордун 22 медкызматкери “Ак кемедеги” карантиндик зонага жатуудан баш тартып, аларды «Garden» отелине жайгаштырууну талап кылышкан. Бишкек мэриясы жана Саламаттык сактоо министрлиги бул маселени 19:30га чейин чечип, алардын баары «Garden» отелине жайгаштырылган.

Алынган анализдердин жыйынтыгы боюнча маалымат кийинчирээк берилет.