Ош аймагынын комендатурасы «Whatsapp» аркылуу облустун Кара-Кулжа районундагы санитардык-посттордун биринде коронавирус жуктуруп алган киши каза болгону тууралуу тарап жаткан маалыматты төгүнгө чыгарды.

Күн мурун жарандын «белим ооруп жатат» деп жолго жатып алган видеосу тараган. Ошондой эле башка жарандар экспресс-тестти күтпөй кетүүнү талап кылып, дагы бири унаасын жолдун ортосуна токтотуп койгон. Натыйжада постто турган кызматкерлердин иштөөсүно тоскоолдук жаратышкан.

Тартип бузган жарандар райондук ички иштер бөлүмүнө алып келинип, тиешелүү протоколдор түзүлгөн. Алардан алынган тесттин жыйынтыгы таза чыгып, үйүнө жөнөтүлгөн.