![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/04/1511362042_kabina-krupno.jpg)
Коом
Хабаровскиде учак кулап, төрт киши каза болду
Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактагы бөлүмү Хабаровск крайында жеке учак кулап, төрт киши каза болгонун маалымдады.
Маалыматка ылайык, Л-4 маркасындагы жеңил учак Хабаровскиден 30 чакырым алыстыкта окутуп, үйрөтүү үчүн учуп жүргөн.
Белгилүү болгондой учак жергиликтүү ишкер Илье Карабутка таандык экени айтылды. «Интерфакс” басылмасы , учак кырсыгында ишкер каза болгонун кабарлады. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп тергөө жүргүзүлүүдө.