Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономика маселелери жана 2020-жылдын бюджетин оңдоонун сценарийи боюнча жыйын өткөрдү. 
Өкмөт башчы COVID-19 коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышын алдын алуу үчүн өзгөчө кырдаал/абал режиминин киргизилишине байланыштуу өлкөдө түзүлгөн жагдай, ошондой эле Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн нефть жана валюта рынокторунда түзүлгөн туруксуздук экономиканы турукташтыруу, өлкө бюджетинин тең салмактуулугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн кечиктирилгис чараларды кабыл алууну талап кылынып жатканын белгиледи. 
Жыйындын жүрүшүндө экономикага тиешелүү маселелер, бюджеттин киреше бөлүгүндөгү көрсөткүчтүн болжолу жана КР Өкмөтү тараптан чакан жана орто бизнести колдоо боюнча кабыл алынган чечимдер, ошондой эле экономиканын кылдат мамиле жасай турган маселелери талкууланды. 
Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга карата республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга карата болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ыкчам түрдө иштеп бүткөрүүнүн зарылдыгына токтолду. 
Ал баса белгилегендей, деталдуу экономикалык талдоо жана өлкөдө өзгөчө абал/өзгөчө кырдаал режиминин киргизилишине байланыштуу бюджеттин кирешесинин мүмкүн болгон түшүү көлөмү боюнча болжол даярдоо, ошондой эле COVID-19 вирусунун жайылуусунун натыйжасында жабыр тарткан экономиканын секторлорун жана ишкерлик субъекттерин колдоо боюнча Өкмөттүн антикризистик планынын алкагында салык төлөө мөөнөтүн узартуу зарыл.
2020-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө салыктык түшүүлөрдүн болжолун иштеп чыгуунун сапатына өзгөчө көңүл бурулду.
Ошодой эле Премьер-министр Өкмөт мүчөлөрү менен мамлекеттин калк алдындагы социалдык милдеттенмелерин эске алуу менен бюджеттин чыгашаларын оптимизациялоо маселесин талкуулап, социалдык милдеттемелер өз учурунда жана толук көлөмдө төлөнөрүн айтты. 
Мындан тышкары  бюджетти мындан ары да колдоого жардам берүү маселелери жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү  боюнча чараларды жүзөгө ашыруу тууралуу эл аралык донор уюмдар жана финансы институттары менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү