Коом

Бүтүрүүчүлөр дарыгерлерге 44 даана коргоочу кийим, постторго 3 даана атайын форма беришти

Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын Борбор Азиядагы ири өнөктөшү болгон Ханнс Зайдель Фондунун жетекчиси Доктор Макс Майер мырзанын сунушу менен ФХЗдин бүтүрүүчүлөрүнүн ортосунда коомчулукту коркунучка салган коронавирустун алдын алуу жана жабыр тарткан мекендештерге жардам берүү максатында «Биз коронавирусту​ биргеликте токтотобуз!»​ аттуу акция өттү.

Анда чогулган жалпы акча каражатына Жалал-Абад областык биргелешкен ооруканасына жана Сузак районунун аймактык ооруканасына 44 даана коргоочу костюм сатып алынып тапшырылды жана 3 даана атайын кийимдер Сузак жана Базар-Коргон районунун блок постуна берилди.

Бүтүндөй ФХЗдин бүтүрүүчүлөрүнө терең ыраазычылык билдиребиз.

Оорукананын башкы директору Кумар Пазылович дагы бүтүрүүчүлөр жасаган ишке ыраазычылыгын билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button