Россиянын президенти Владимир Путин бүгүн 18-апрелде мигранттарга жеңилдик берген токтомго кол койду. Ага ылайык буга чейин мигранттар жумушка орношуу үчүн патент алууга мажбур болсо мындан ары виза жана жумушка кирүүдө документтер талап кылынбайт. 2020-жылдын 15-июнуна чейин, РФ аймагында чет өлкөлүк жарандарды жумуш берүүчү компаниялар жумушка алууда эч кандай документтер каралбайт. Мындай кадам дүйнөдө болуп жаткан пандемияга байланыштуу кабыл алынган.

Эске салсак буга чейин Россиянын аймагында калган мигранттар мамлекет башчысынан карантин мезгилинде патент үчүн алынуучу 5350 рубль өлчөмүндө каражатты убактылуу алып салууну сурап кайрылган.