Буга чейин Нарын шаардык мэриясынын штабынын түз байланыш номерине Ленин 97-б дарегинде 80 жаштагы апа азык-түлүккө муктаж деген кайрылуу келип түшкөн.

Аталган дарекке шаардык мэриянын мобилдик тобу барганда ал батирде өмүр боюу мамлекеттик кызматта иштеген Бермет Омурова жашары белгилүү болду.

«Менде баары бар, кудайга шүгүр. Менде жок деп, колунда жокторго берилүүчү азык-түлүктөрдү алгандарга таң болуп олтурам. Биз ооруну биримдик жана ынтымак менен жеңебиз!» — деди, 80 жаштагы апа.