Борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдында топтолгон тургундарын бийлеп көңүл ачып жаткан видеосу социалдык тармактарда тарады.

Андагы жашаган айрым тургундар терезеден баштарын чыгарып кол чаап, коштоп турганын көрүүгө болот.

Фейсбук колдонуучуларынын бир даары бул жорукту жосунсуз, карантин талаптарын сактап үйдө олтурушу керек болчу деп айыптаса, бир даары колдоп кубаттаган пикирлерин калтырууда.

Кыргызстанда өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылган. Акыркы суткаларда Бишкек шаарында коронавирус илдетин жуктуруу алган учур көп катталууда.

Соңку маалыматтарга караганда борбор калаада ооруну жуктуруп алгандардын саны 102ге жетти.

https://www.youtube.com/watch?v=qIg4GMY72mU&feature=youtu.be&fbclid=IwAR35LQd3twF3CiKil1ltTv1CKEY_GFgXwa8fH40J5W8WV3h5IG-_yey6wYw