Аксы районунда аял киши бычакталып каза болду. Окуя бүгүн, 18-апрелде катталган.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктагандай, Кербен шаарынын 35 жаштагы Б.Ж. аттуу тургуну бычакталып каза болгон. Келиндин өлүмүнө шектелип анын 30 жаштагы Т.Т. аттуу кайын иниси кармалган.

Шектүү качууга аракет кылып жаткан учурда ыкчам иш-аракеттердин негизинде колго түшүрүлгөн.

«18-апрелде Аксы районунун Кербен шаарында 1985-жылы туулган Б.Ж. аттуу тургунду өзүнүн үйүндө бир тууган кайын иниси — 1990-жылы туулган Т.Т. бычак менен ич тарабына сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Б.Ж. ооруканага жетпей каза болгон», — деп билдиришти милициядан.

Бул факт катталып, Жазык кодексинин 138-беренесинин (ден соолукка оор зыян келтирүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.