ЖАЛПЫ ЭЛДИК УЛУУ ТИЛЕНҮҮ: 23-апрель, түшкү саат 12.00.
Кадырлуу кыргыз журту!
COVID-19 вирусунан улам пайда болгон азыркы кырдаал бизге жеңилинен болсун, бул жаман илдеттин жолу буулсун, кесепеттери токтосун деп – жалпы журтчулук бир күндө, бир учурда ак ниетибиз менен биригели! Ушундай кырдаалда баарыбыз үй-үйлөрүбүздөн тиленип, бүтүндөй жер жүзүнүн бүтүндүгүн, адамзаттын оңолуусун, мекенибиздин өзгөрүп-өсүүсүн, элибиздин ынтымак-ырыскысын Жараткандан сурайлы. Элге, эл ичинде ар бирибиз өзүбүзгө, жакындарыбызга ыйман-ынсап, пейил-ниет, ырыскы-береке тилейли!
Тилеги бирдин – билеги бир,
Биримдүү элдин – жакшысы миң!