АКШ президенти Дональд Трамп америкалык администрация тарабынан Москвага киргизген санкцияларга жана кабыл алынган катаал чараларга карабастан Россия менен болгон мамиле баштагыдай эле жашкы маанайда экендигин билдирген.

«Менчелик ага (Россия президенти Владимир Путинге) эч ким каршылык көрсөткөн жок. Муну бардыгы жакшы билишет. Киргизилген санкцияларды карагыла. Европадагы газ түтүктөрүн эмне кылдым… Ошого карабастан Путин экөөбүздүн ортобуздагы мамиле абдан жакшы. Мен Россия, Сауд Арабия, ОПЕК+өлкөлөрү менен келишим түзө алдым. Бул Техасты, Түндүк Дакота, Оклахом жана башка штаттарды сактап калат», — деди Трамп журналисттердин АКШнын башка, айрыкча Россия менен болгон мамилелери тууралуу суроолоруна жооп берип жатып.