Бүгүн, тагыраак айтканда жекшемби күнү Lada автоунааларынын чыгып баштаганына туура элүү жыл болот. 1970-жылдын дал мына ушул күнү Тольяттидеги автоунаа заводунун конвейринен легендарлуу ВАЗ-2101 «Жигули» автунаасы (копейка) түшүрүлгөн.

Lada автоунаасынын биринчи модели «АвтоВАЗдын» гана эмес, бүтүндөй россиялык автоунаа өнөр жайынынын тарыхында эң эле көп санда чыгарылгандыгы менен белгилүү. Маселен, ошол 1970-жылдан тартып 1988-жылга чейин болжол менен ВАЗ-2101 үлгүсүндөгү 4,8 млн. автоунаа сатылган.

Белгилей кетсек, бул автоунаа 1967-жылы «Европадагы жылдын мыкты унаасы»-деген наамга татыган.