Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын саны дүйнө жүзү боюнча 2,16 миллиондон ашып, 146 миңден ашык каза болгон.

Соңку маалыматтарга ылайык дүйнө жүзүндө 2 160 207 адам вирус жуктуруп алган болсо, каза болгондордун саны 146 088 адамга жеткен. Акыркы сутка ичинде жуктургандардын саны 85 678 адамга, каза болгондордун саны – 6 710 адамга көбөйгөн. Вирус жуктуруп алгандардын көпчүлүгү баштагыдай эле европалык региондо катталган (1 086 889).