Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробеков ак халатчандар менен жолугушту

Жолугушууда комендант Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жалпы жамаатынын жумуштарын алкоого алып, комендатурага байланыштуу суроолоруна жооп берди. Өз кезегинде медицина кызматкерлери жакынкы райондордон келип иштегендиктен блок-посттордон өтүүдө тоскоолдуктар жана көйгөй жаралып жатканын билдиришти.

Ошондой эле кээ бир жарандар областтык ооруканага дарылануу боюнча көрсөтмөгө келээри айтылып, алардын кайра кайтууда кыйынчылыкка дуушар болуп жатканына токтолушту. Мындан сырткары медицина кызматкерлеринин айлык маянасынын аздыгын белгилешип өттү.

Комендант Жеңиш Жоробеков коменданттык саатка жана блок-постторго байланыштуу маселелерди жеринде чечип, алардын татаал жана жоопкерчиликтүү жумуштарын баалап, иштерине ийгиликтерди каалады. «Бүгүнкү күндө ооруу чыккан уюгунда өз өмүрүн жана ден соолугун тобокелге салып иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин эмгеги эбегейсиз зор. Ооруга чалдыккандарды аныктоо, аларды дарылоо алар менен ошол процессте чогуу болуунун өзү да кыйынчылык. Бул илдетке, сыноого баарыбыз биринчи жолу кабылып жатабыз, бирок ошого карабастан медицина кызматкерлеринин өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудагы эмгегин көрүп мен комендант катары жогору баалап жатамын» – деди Жеңиш Жоробеков. Өз кезегинде медицина кызматкерлери мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоолорго жана коменданттын алардан атайын кабар алганы келип, алардын көйгөйүн угуп, жаралган маселени жеринде чечип, жасап жаткан эмгектерине баалагандыгы аларга үчүн дем берип жаткандыгын баса белгилешип, ыраазычылыктарын билдиришти.

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы