19-апрелге карата Кыргызстанда дагы 48 киши коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Ушуну менен оору жуктуруп алган бейтаптардын жалпы саны 554кө жетти. Өткөн сутка ичинде жуктуруп алгандардын тогузу Бишкекте, дагы тогуз адам Ош шаарында, жетөөсү Ош облусунда, тогуз бейтап Жалал-Абадда, 11 киши Нарында, бирөө Баткенде, дагы экөө Чүй облусунда экени белгилүү болду.

Алардын ичинен 18и медицина кызматкерлери.