Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 14 жаштагы өспүрүм кыз боюн таштаганын Бишкек шаардык комендантынын басма сөз кызматынан тастыкташты.
Каргашалуу окуя күн мурун болгон. Болжол менен саат 17:05те Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө көп кабаттуу үйлөрдүн 7-кабатынан өспүрүм кыз секиргени боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Октябрь РИИБинин ыкчам иликтөө тобу барган.
“7-кабаттан боюн таштаган кыз 2006-жылы туулган М.Э. аттуу окуучу болгон. Ал “Тез жардам” кызматы келгиче окуя болгон жерден каза болуп калган. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталды”, – деп жазылат маалыматта.