Канаданын Жаңы Шотландия провинциясындагы ок атышуулардын натыйжасында 13 адам, ошону менен бирге бир полиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу CTV News телекомпаниясы билдирген.

Буга чейин полиция Жаңы Шотландия провинциясынын айрым райондорунда болуп өткөн ок атышуулардын жүрүшүндө ондон ашык адам курман болгондугу тууралуу маалымат тараткан.

Полиция комиссары Бренд Лаки телеканалга берген маегинде чыны менен эле  13 адам курман болгондугун, укук коргоо органдары бул ок атышуулардын терроризмге эч кандай байланышы жок экендигин айткан.

Белгилей кетсек 51 жаштагы Габриэл Уортман аттуу адам ишемби күнү Канаданын  Портапик шаарындагы жана башка калктуу конуштардагы адамдарга каршы ок чыгарган. Полиция кылмышкердин артынан  болжол менен 12 саат кууган жана ал бул операция жекшемби күнү эртең менен Галифакс шаарында аягына чыгарылып, Уортман полиция кызмтаткерлери тарабынан жок кылынгандыгын билдиришкен.