«Өнүгүү Прогресс» партиясы 2020-жылдагы парламенттик шайлоого капчыктуу бир партияга кошулууну үмүт кылып жаткан. Кийин ал партияга коомчулук тарабынан ар кандай пикир айтылып жатканын эске алып, фракция мүчөсү Алтынбек Жунус уулу аркылуу алдыдагы шайлоого өз алдынча чыгууну көздөшкөн. Эми болсо өз алдынча да добуш ала албастарын билип, Өмүрбек Текебаевдин «Ата Мекен» партиясына жуучу издеп жүрүшөт. Ал ортодо «Өнүгүүдөн» вице-спикер болгон Мирлан Бакиров менен Бакыт Төрөбаевдин ортосун кара мышык аралап, Бакиров бийликти ыктап кетти. Былтыр депутат Мирлан Бакиров кызын турмушка узатканда Бакыт Төрөбаевди элдин эң аягында чакырып, улагага отургузганынын себеби дал ушунда болсо керек …