«Элим ооруба» аттуу иш чара 7 күн бою эртең менен сегизден кечки саат 9-10 го чейин Катыран, Лейлек,Тогуз-Булак, Сумбула, Аксуу айыл өкмөттөрүнүн, Сүлүктү шаарынын жана Исфана шаар башкармалыгына караштуу айылдарда жарандарды медициналык кароодон өткөрүштү. Жалпысынан 7 күндө 618 киши кароодон өттү.

«Эл арасында жүрөктү ооруткан кедейчиликте жашаган жарандарыбыз аз эмес экендиги зээнди кейитти. Өзгөчө гипертониялык ооруу, жүрөк ооруулары, неврологиялык ооруулар менен жабыркагандар көп кездешти. Ошол эле мезгилде 95-98 жашка чыгып, ден соолугу эң сонун , 5 маал намаз окуп, тиричилик кылган карыяларды да жок эмес экен» — дейт калкты бекер медициналык кароодон өткөрүүнүн уюштуруучусу, Диагностик медициналык борборунун башчысы Жаркынай Ганиева.

Иш чарага кардиолог-терапевт, гинеколог, невролог жана жалпы медайымдар активдүү катышышкан.