Дерматолог Лариса Алексеева Nation News порталына билдиргендей, колду бат-баттан самындап жууп, антисептикалык каражаттарды колдоно берүү теринин флорасын бузуп, иммунитетин түшүрөт.

Алексеева тери оорулары барлар колдун гигиенасын сактоо үчүн кандай ыкма колдонуу керектигин белгилейт.

«Дерматит, экзема сыяктуу илдеттери бар же колу бат кесилип кеткендер кир, чаң баскан нерсени кармаарда колуна атайын кол каптарды кийип алса болот. Азыр кол каптардын түрү бар”, – деди дарыгер.

Ошондой эле адис колду самындап жуугандан кийин сөзсүз терини азыктандыра турган крем сүйкөө керектигин айтып өттү.