Коом
Дагы алты медкызматкер коронавирус жуктуруп алды
Бир сутка ичинде дагы алты медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бул туурасында бүгүн, 20-апрелде Республикалык штабдын маалымат борборундагы брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы катталган учурлардын ичинен Жалал-Абад облусунда – 3, Ош шаарында – 1, Нарын облусунда – 1, Бишкек шаарында – 1 учур катталган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 140 учур катталды. Алардын 39у дарыгерлер, 58и орто медкызматкерлер, 23ү кенже медкызматкерлер, 20сы башкалар.
Жалпы 10 дарыгер айыккан.