Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавируска байланыштуу киргизилген карантиндик чаралар качан алынышы мүмкүн экенин билдирди.

Буга чейин министрлик адистердин божомолуна таянып, ушул аптада коронавирус жуктургандардын саны көбөйүп, оору туу чокусуна чыгарын айткан болчу.

«Мына ушундан кийин турукташуу жана илдетке чалдыккандарын санынын азайышы башталат. Андан кийин биз ошол өзгөрүүлөргө жараша эпидемиологиялык кырдаалга көз салып, өзүбүздүн сунуштарыбызды даярдайбыз. Кырдаал көзөмөлгө алынгандан кийин карантиндик иш-чараларды жеңилдетүү жана андан ары карантиндик чараларды алып салуу тууралуу сөз кылууга болот”, – деди.

20-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 568ге жетти. 7 адам каза болду.