Америкалык аскер ведомстволугу жаңы континет аралык баллистикалык ракетаны (КБР) иштеп чыгуунун мөөнөтүн жана наркын аныктады. Алдын ала эсептөөлөр боюнча аны жасап чыгуу жана аскер куралдарынын катарына кошуу үчүн АКШ бюджетинен 85 млрд доллар бөлүүнү талап кылат.

Ракетаны жасап чыгаруу иштери америкалык аскер өнөр жайындагы гиганттардын бири болуп саналган Northrop Grumman Corp компаниясы тарабынан жүргүзүлмөкчү. Компаниянын кызматкерлери бул тема боюнча илимий-изилдөө иштерин 2025-жылга чейин  аяктоону жана бул үчүн дээрлик 13 миллиард доллар сарптоону пландаштырышууда.

АКШ армиясы үчүн жаңы КБРди сатып алуу 2026-жылдан тартып башталат. Бул максаттарга америкалык министрлик 61 миллиард доллар жумшайт. Ошол эле учурда Россия жана Кытай тараптан болуучу атаандаштыктан улам  аталган ракетаны жасап чыгаруу жана куралдардын катарына коюу мөөнөтү кыскартылышы ыктымал.

Мындан сырткары, америкалык аскерлер 2021-жыл үчүн  бүтүндөй ядердик системаны модернизациялоо иштерине 17 млрд доллар, ал эми Пентагон узак аралыкка учуучу жаңы канаттуу ракетаны жасап чыгаруу үчүн 500 млн доллар  бөлүүнү өтүнүшүүдө.