Мэри Азиз Суракматовдун кеӊешчиси Гуля Алманбетова өзүнүн Твиттер баракчасына көп балалуу үй-бүлөлөрдү кемсинткен сөздөрдү жазган. Анын мындай кадамы талкууга түшүп, социалдык тармактарда, көпчүлүк ээлеген кызматынан кетсин деген талаптарын койгон. Бирок, Мэр Суракматов кеӊешчисинин мындай маданиятсыз кылыгы тууралуу ооз ачкан жок.

Болгону Мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев кайрылуу жасап, “азыр жумуш көп болуп жатат, Гуляны кечирип койгула” — деген мэриянын көз карашын билдирди. Мындай мамилени коомчулук, мэр өзүнүн кеӊешчисин колдой турганын көрсөттү деген пикирлерин айтууда. Эске салсак буга чейин, Алманбетова Жогорку Кеӊештин депутатын, КТРК нын мурунку президенти И.Карыпбековду, жана бир катар жарандарды уят сөздөр менен ашата сөккөнү белгилүү. Гуля айымдын этикага жатпаган жүрүм-туруму көпчүлүктүн кызуу талкуусун жаратып келет. Буга чейин журналист Баяна Кулова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, Гуля Алмамбетованын жакын туугандары кечирим сурап келгенин айткан.