Бонецк менчик лабораториясында коронавирусту аныктоо боюнча иштер жакында баштала турганны Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифингде билдирди.

Эми каалоочулар аталган лабораторияга кайрылып, текшерилсе болот. Коронавируска карата алынуучу анализдин акысы болжол менен 2000 сомдун тегрегинде болот.

Бүгүнкү күнгө карата коронавирус жуктургандардын саны 568 адамга жетти. Алардын ичинен 201 бйтап айыгып, 7 адам кайтыш болгон.

Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алган алгачкы учур 18-мартта катталган.