Коом

Конгону кайрадан Эбола вирусу каптоосу мүмкүн

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, Конго Демократиялык Республикасында эбола вирусу менен ооруган бейтап ооруканадан качып кеткен. «Бул жагдай өлкөдө кайрадан эбола вирусунун күч алуусуна шарт түзөт. Буга чейин 13-апрелге карата вирусту толугу менен жеңебиз деген күтүү болгон. Бирок акыркы бейтапты дарылап чыгаргандан 52 күн өтпөй вирус кайтып келген. 10 адамдан вирус аныкталып, 6 адам көз жумган», — деп жазылат маалыматта.

Белгилүү болгондой 28 жаштагы жигит ооруканадан качып кеткен. Учурда аны тез аранын ичинде табуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. «Ал өзү дарыланбагандыктан, оорудан көз жумат. Бирок ал канча деген адамдарга оору жугузуп, алардын дагы өмүрүнө коркунуч жаратып жатат», — дейт Бени шаарынын башчысы. Эске салсак Эбола вирусунант 2018-жылдын август айынан тартып 2 миң 200 жаран каза болгон. Ага карабастан өлкөдөгү көп адамдар ооруну жок деп эсептешет. Учурда Конгонун Саламаттыкты сактоо адистери бир эле мезгилде кызамык, холера жана коронавирус менен күрөшүп жаткан учуру. Буга чейин өлкөдө 327 жарандан коронавирус аныкталса, анын 25и көз жумган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button