Кыргыз саясатчысы Урматбек Барыктабасов расмий жетекчилерге кайрылды.

Ал коронавирустан улам түзүлгөн кырдаал, чет жердеги кыргызстандык мигранттардын абалы тууралуу айтып, бир нече сунуштарды берген.

Төмөндө Барыктабасовдун кайрылуусун өзгөртүүсүз сунуштайбыз:

Урматтуу Президент! Соронбай Шарипович! Урматтуу премьер министр! Мухаммедкалый Дүйшекеевич! Менин сиздерге кайрылуумдун себебин айтып берейин. Чет элде толтура жарандарыбыз келе албай жатат, алар бизге керек. Алардын акчасы да түгөндү.. Бул жерде толтура эл, акчасы түгөнүп жатат,эмне кылаарын билбей. Эл баарыбызга керек. Кумтөр сатылсын деген да, уран чыгып кетти. Мен каршымын.. Күмтөр элдики,турсун.. Карыз да сурап жатасыңар. Менин Балыкчыда эки имаратым бар, ошонү саткыла, Күмтөр менен келишип. Балыкчыда, Күмтөрдүн ишканасы жайгашкан, керектеп алат. Мен элим менен бөлүшөйүн. Имараттарды Кумтөрдүн жетекчиси менен сүйлөшүп бергиле, сатып алганга. Сатыктан түшкөн акча, Элдин керегине жарасын. Элиме берейин. Жаратканым да,Элим да ыраазы болсун. Бир топ эле каражат болуп берет. Элим да, өкмөт да, кайтарбай эле койсун, кайтса Жаратканымдан кайтаар.. Башым аман болсо, андай имараттын жүзүн салам. Урматым менен Балыкчы ш. тургуну Урмат Барктабасов. Менин байлыгым Эл.