Коом

«Билдирүүмдү бурмалашты» Алмамбетова үн катты

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алмамбетова талкууга түшкөн билдирүүсү тууралуу үн катты.

Ал бул тууралуу оюн фейсбук социалдык баракчасына жазып, айтайын деген оюн айрымдар өз кызыкчылыгы үчүн бурмалап салышканын билдирди.

«Рахмат! Ооба! Сөздөрүмө жана иш-аракеттериме жооптуумун! Бирок!!!!! Ал жеке твит болчу. Жеке!!!!!!! Эч кимге тиешеси жок!!!!!! Мааниси башка, твиттердин форматы негизи башка!!!!! Түшүндүрмөсү да болгон!!!! Тилекке карышы — айрым жалданган адамдар, өз кызыкчылыгында сөздөрдү бурмалап таптакыр башка мааниде колдонушкан. Бирок, коомдо баары уялып, 29 жыл унчукпай келген темага дискурс, талкуу, ой ордо сүйлөшүү, ой жүгүртүү пайда болду. Мындай актуалдуу диалог үчүн, ар бириңизге ыраазычылык билдирем. Чыныгы достуктан коркпогон досторума рахмат. Эң башкысы, өмүр үчүн коркуу жаралып, карантинден чарчап турган, пандемия убагында, элиме, мекениме кызмат көрсөтүп жатканыма кубанычтамын! Пандемия бул согуш! Согушту башынан өткөргөн Фейсбуктун колдонуучуларынын саны абдан аз. Согуштун убагында элдин бугу чыгыш керек, ал дагы бир кызмат, ал дагы кара жумуш. Бул менин кызматым! Менин милдетим! Азыр бир кана тилек: эч ким оорубасын!!!! Ар бирөөңөр өзүңөргө керексиздер! Үй бүлөңүздөргө керексиздер! Айкөл кыргыз эл аман болсун! Оорубаңыздар! Арыбаңыздар! Авлан! Рахмат!»,-деп жазган.

Өткөн аптада мэрдин кеңешчиси көп балалуу үй-бүлөлөрдү көргүм келбейт деген таризде твиттер баракчасына билдирүу жазып, коомчулукту катуу сынына кабылган болчу.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button