Баткен облусунда коронавирус оорусунун жаңы учуру катталганына байланыштуу жана Баткен облусунун тургундарынын Бишкек, Ош шаарларынан, Туркия мамлекетинен келип жаткандыгына байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Бул боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов бүгүн аппараттык кеңешмеде тапшырмаларды берди.

Мындан сырткары жакынкы күндөрү Дубай, Пакистан, Россиянын Новосибирск шаарларынан да Баткен облусунун тургундарынын келүүсү күтүлүүдө.

Мындан улам облустагы санитардык карантиндик  көзөмөл посттору, чек ара көзөмөлдөп өткөрүү бекеттери, ички иштер кызматы, айылдар ортосундагы элдик кошундар тарабынан коюлган көзөмөл постторунун ишин күчөтүү, үй карантинине алынган жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, дезинфекция жумуштарын улантуу тапшырмасы коюлду.

Ыйгарым укуктуу өкүл, коронавирус оорусун жуктурган акыркы бейтап менен байланышта болгон жарандардын саны  көп болуп жаткандыктан, облустун тургундарын кайдыгер болбой, карантиндин эрежесин так сактоону эскертет.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы