Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов брифингде билдирди.

Өзгөчө абал режими киргизилгенден бери Ош облусунун аймагында 56 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган.

Бул орсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 учурга аз. 56 учурдун ичинде аялы күйөөсүнө кол көтөргөн 7 учур катталган.

Ал эми 25-марттан бери кылмыштуулук, жол кырсыгы кескин түрдө кыскарган.