Жашоодо адам баласы ар кандай жагдайларга туш болобуз. Кээде биз ойлобогон нерселерди жаныбарлар бизден жакшы, эң жогорку деңгээлде аткара алат. Бир аял күн сайын жумуштан үйгө бир эле жол менен бир канча жылдан бери барып келет.

Кыска жолдор, ким кайсы үйдө жашайт, кимдин баласы жолго сүрөт тартат, кимдин ити кайсы баарын жатка билет. Себеби бул райондо өзү туулуп өскөн.

Күндөрдүн биринде аял адаттагыдай жумушунан үйүнө келе жатып, адаттан тыш окуяга күбө болот. Жол ортосунда кичинекей эки жаштар чамасында бир бала чуркап, анын артынан килтейген дөбөт кууп алган. Аял баланы ит кууп келаткан экен деген ойдо, жерден таяк алып баланы көздөй чуркайт.

Ошол мезгилде аялдан мурун ит балага секирип жетип, сырткы кийиминен тиштеп, балдар аянтчасына алып барып ойноп жаткан балдарга кошуп, өзү ошол жерге жата кетет. Аял бул окуяга таң калып кошунасынан сурайт. Көрсө бул көчөгө жаңы жашоочулар көчүп келишкен экен. Алар бул итти атайын баланы кароо үчүн алышкан.

Ит болсо атайын даярдыктагы, үйрөтүлгөн ит болуп чыгат.